Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Бишкектин абасын текшерген эксперименталдык баннерлер илинди


Баннерлер Бишкектин көчөлөрүндө бир нече жерге илинген.
Баннерлер Бишкектин көчөлөрүндө бир нече жерге илинген.

Бишкек шаарында баш калаадагы абанын тазалыгын текшерген баннерлер илинди. Бул тууралуу “MoveGreen” Кыргызстандагы жаштардын экологиялык кыймылы “Азаттыкка” билдирди.

Алар Бишкектин көчөлөрүндө бир нече жерге илинген ак кездемеден жасалган. Баннерлерге #БишкектинАбасы, #ВоздухвБишкеке деп жазылган.

Уюмдун өкүлдөрү билдиргендей, бул эксперимент калаада аба канчалык булганганын көргөзөт. Алардын айтымында, эгер аба өтө булганган болсо ак кездеменин түсү бир нече күндүн ичинде кара болуп калат.

“MoveGreen” экологиялык кыймылы эксперименттин жыйынтыгына карап, аба боюнча бийликке сунуш-пикирлер менен кайрылганы турат.

Буга чейин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги Бишкек шаарында жылына 240 миң тонна зыяндуу зат абага бөлүнүп чыгаарын билдирген. Анын 180 миң тоннасы автоунаалардан бөлүнөөрү такталган. Ал эми калган 10% өндүрүштүк ишканалардан тарайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG