Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Кыргыз спортчуларын машыктырууга Жапониядан ыктыярчылар чакырылат


Кыргызстандын спорт клубдарындагы машыгуулардан бир көрүнүш.
Кыргызстандын спорт клубдарындагы машыгуулардан бир көрүнүш.

Жапониянын JICA уюму ыктыярчы жапон машыктыруучуларын Кыргызстанга чакырып, спортко салым кошууга үндөйт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигининин жетекчиси менен JICA уюмунун ыктыярчысы Уэда Мива жолугушкан учурда билдирген.

Миванын айтымында, жеңил атлетика боюнча ыктыярчы Кыргызстанга келүүгө макулдук берди. Андан тышкары жайында волейбол үйрөткөн машыктыруучу да келиши күтүлүүдө.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Аманкулов 2020-жылдагы Олимп оюндары Жапонияда өтөрүн белгилеп, спортчуларды машыктыруу жаатында кызматташууга кыргыз тарап кызыгаарын айтты.

XS
SM
MD
LG