Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганына 29 жыл болду


Бишкекте Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 29 жылдыгы белгиленди. Эскерүү жыйыны Ата-Түрк эс алуу багында ооганчыларга арналып тургузулган эстеликтин жанында бүгүн болду.

Мэриянын басма сөз кызматы митинг-реквиемге ооган согушунун ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышканын билдирди.

1989-жылдын 15-февралында өзбек-ооган чек арасындагы "Термез" посту аркылуу Ооганстандан Совет аскерлери чыгарылып бүткөн. Ошентип СССРдин ооган жергесиндеги жарандык согушка "интернационалдык милдетти аткаруу" деген жүйө менен катышкан 10 жылы аяктаган.

Бул согушка 7141 кыргызстандык аскер да катышкан. Алардын 300ү ошол жакта курман болгон, 1,5 миңдейи жараат алып, төртөөнүн дайыны азыркыга чейин белгисиз. (SE)

XS
SM
MD
LG