Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Догоев кызматтан кетиши боюнча түшүндүрмө берди


Дастан Догоев.
Дастан Догоев.

Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгынан өз ыктыяры менен кеткенин, мындай чечимди жеке жагдайына байланыштуу кабыл алганын маалымдады.

Догоев тараткан билдирүүсүндө бул жооптуу кызматты ишенип тапшырганы үчүн президентке, өкмөт башчыга, Жогорку Кеңешке рахмат айткан. Мекемени башкарган мезгилде кызматташтары үзүрлүү иштегенин белгилеп, аларга ыраазычылыгын билдирген.

Дастан Догоев 14-февралда кызматынан кетти. Ал Мамкаттоонун башчылыгына 2017-жылдын июнь айында дайындалган.

Догоевдин ордуна Алина Шаикова дайындалды. Шаикова 2014-2015-жылдары бул мекемеде жетекчи болгон.

XS
SM
MD
LG