Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Кыргызстан былтыр үч млрд. сомго мунай жана газ өндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2017-жылы өндүрүлгөн мунай жана газдын жалпы наркы 2 млрд. 933 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул 169 миң тонна мунайды жана 26 млн. куб метр газ өндүрүлгөнүн билдирет.

Ал эми “Газпром Кыргызстан” компаниясынын линиясы боюнча Кыргызстанга 283 млн. куб метр газ кирген.

Былтыр ошондой эле 1,9 млн. тонна көмүр өндүрүлгөн болсо, анын наркы 2,2 млрд. сом болгон. Көмүрдүн көбү Кыргызстандын түштүк аймактарында өндүрүлгөн, 857 миң тоннасы Нарында өндүрүлгөн.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет кабарлагандай, быйыл 2 млн. тонна көмүр өндүрүү пландалууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG