Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

ТАРдын президенти кызматынан кетүүгө аргасыз болду


Жейкоб Зума.
Жейкоб Зума.

Түштүк Африка Республикасынын президенти Жейкоб Зума өз партиясынын басымынан соң кызматынан кетти.

- "Африка улуттук конгресси" партиясынын Улуттук аткаруу комитети мени президенттиктен чакыртып алууну чечкени белгилүү. Ошондой эле партия мен баштапкы чечимге жооп бергиче жаңы чечим кабыл алганын билдим. Кеп мындай - ишеним көрсөтүлбөгөнүнө байланыштуу 2018-жылдын 15-февралында кызматтан кетүүгө аргасыз болдум,– деди Зума 14-февралдагы кайрылуусунда.

Ошол эле учурда ал партиянын чечимине макул эмес экенин да кошумчалады. Башкаруучу "Африка улуттук конгресси" партиясы президентти коррупцияга байланыштуу айыптап чыккан.

75 жаштагы Жейкоб Зума Африканын түштүгүндөгү бул өлкөнү тогуз жыл башкарды. Анын президенттик мөөнөтү эмки жылы жыйынтыкталмак.

Партия анын ордуна вице-президент Cирил Рамафосаны бейшембиде президенттикке шайлаганы турат.

XS
SM
MD
LG