Казакстандын Уральск шаарындагы жаңы салынган аянтка президент Нурсултан Назарбаевдин атын берүү тууралуу сунуш түштү.
Уральск мэриясы сунуш коомдук кеңештин жыйынында айтылганын билдирет. Эгер аны шаардык кеңештин депутаттары колдосо, андан ары тийиштүү республикалык комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт.
Өткөн айда Түштүк-Казакстан облусунун депутаттары Шымкенттеги Астана проспектине Назарбаевдин атын берүүнү сунуш кылышкан.
Былтыр ноябрда Алматыдагы борбордук көчөлөрдүн бирине казак президентинин ысымы ыйгарылган.
Казакстанда Назарбаев атындагы университет, интеллектуалдык мектеп, китепкана бар. Назарбаев тууралуу “Лидердин жолу” аттуу фильм тартылган, ондогон китептер жазылган, бир катар шаарларда анын эстеликтери орнотулган. Өлкөнүн башкы аэропорту да Назарбаевдин ысымын алып жүрөт.