Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Өзбекстан Баткенге эки "Тез жардам" машинесин тартуулады


Тартууга келген автоунаалар.
Тартууга келген автоунаалар.

Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна эки "Тез жардам" автоунаасын белек кылды.

Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев "Дэу Дамас" үлгүсүндөгү эки машинени Баткен облусу менен чектеш аймакта жергиликтүү элдин катышуусунда 15-февралда тапшырды. Аким бул автоунаалар ынтымак жана достук үчүн өзбек элинен берилген белек экенин белгиледи.

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдагандай, "Тез жардам" унааларынын бири Баткен шаарынын калкын тейлөөгө, экинчиси Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылындагы дарыгерлердин практикалык борборуна берилди. (MN)

XS
SM
MD
LG