Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:49

Журналист Али Феруз Орусиядан чыгып кетти


Али Феруз.
Али Феруз.

"Новая газета" басылмасынын журналисти Али Феруз Орусиядан чыгып кетти. Ал "миграция мыйзамын бузду" деп айыпталып, жарым жылдан бери убактылуу кармоо жайында турган.

Али Феруз 15-февралда түшкө жуук Москванын Шереметьево аэропортунан Германияга учуп кеткени белгилүү болду. "Новая газета" журналистти колдоп, жардам көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.

Өткөн аптада Москванын Басман соту Ферузга үчүнчү өлкөгө чыгууга уруксат берген. Ага чейин Москва шаардык соту Ферузду Өзбекстанга өткөрүп берүү процедурасын токтоткон. Бирок убактылуу кармоо жайында кала берүүнү буйруган.

Али Феруз Орусияда 2011-жылдан бери жашачу. 2017-жылдын августунда Москвада кармалган. "Өлкөдө жүрүү эрежесин бузган" деген негиз менен өз мекенине - Өзбекстанга депортациялана турган болгон. Феруз өзбек бийлиги аны "террордук уюмдар менен байланышта" деп соттоп, абакта кыйнап, ал түгүл өлтүрүп коюшу мүмкүн экенин айтып, качкын макамын сураган.

XS
SM
MD
LG