Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Ар бир алтынчы бала жаңжал аймагында жашайт


Оогандык аял балдарын алып чабуул болгон аймактан качып баратат. 24-январь, 2018-жыл
Оогандык аял балдарын алып чабуул болгон аймактан качып баратат. 24-январь, 2018-жыл

Дүйнөдөгү балдардын ар бир алтынчысы же жалпысынан 357 миллион бала жаңжал аймагында жашайт. 1990-жылдардан бери бул көрсөткүч 75% өскөн.

Save the Children эл аралык уюму бүгүн жарыялаган баяндамасында өзгөчө Сирия, Ооганстан жана Сомали жеткинчектер үчүн өтө кооптуу жерлерге айланганын белгилейт.

"Салгылашуулар шаар-кыштактарга жайылып, мектептер, ооруканалар, турак жайлар менен балдар аянтчалары кармаш талаасына айланган", - дешет баяндама авторлору.

Улуттар Уюму 2005-жылдан бери эле 25 жердеги түрдүү куралдуу жаңжалдарда 73 миңден ашуун наристе өлтүрүлүп же жаракат алганын билдирет. Бирок гуманитардык уюмдар чыныгы сандар мындан да ашат дешет. Андан тышкары балдарды жанкечти катары колдонуу же согушкерлердин катарларына жалдоо да көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG