Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:44

Улуттук банк интервенция жасап, доллар сатып алды


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк бүгүн интервенция жүргүзүп, валюта базарынан 5 млн 500 миң доллар сатып алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Аида Карабаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул жолку интервенция чет өлкө валютасынын курсу кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу жасалды.

Бул жыл башынан берки доллар сатып алуу боюнча жасалган экинчи интервенция болуп калды. Улуттук банк 26-январда 7 млн 650 миң доллар сатып алган эле.

Каржы тармагынын башкы регулятор мекемеси андан мурдараак, 12-январда 5,4 миллион доллар саткан.

15-февралга карата доллардын курсу 68 сом 5 тыйынды түздү. (ErN)

XS
SM
MD
LG