Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:16

Навальный сайтына бөгөт коюлганын билдирди


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальный сайтына бөгөт коюлганын билдирип чыкты. Саясатчы муну вице-премьер-министр Сергей Приходько жана миллиардер Олег Дерипаска тууралуу иликтөөсүнөн кийинки эскертүүгө байланыштырат.

Мурдараак Орусиянын Көзөмөл комитети (Роскомнадзор) иликтөө материалдарын таратууга тыюу салган сот чечими бар экенин билдирип, жергиликтүү маалымат каражаттарына аны жарыя кылбаш керек экенин эскерткен. Ал эми Навальныйдан материалдарды алып салууну талап кылган. Саясатчы буга каршы Роскомнадзорду сотко берген.

Навальный 8-февралда кезектеги иликтөөсүн жарыялап, Дерипаска вице-премьер Приходькону яхтасында сыйлаганын, ал жерде интимдик кызмат көрсөткөн кыздар да болгонун билдирип чыккан. Муну оппозициячы коррупция жана моралдык бузулуу катары баалаган.

Анын эртеси, 9-февралда эле Дерипасканын арызы кабыл алынып, ошол эле күнү сот Навальныйдын сайтындагы иликтөөнү эл көрбөй тургандай чектөөнү Роскомнадзорго тапшырган.

XS
SM
MD
LG