Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Өкмөт башчы Панфилов районунун акимин иштен аларын билдирди


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Жогорку Кеңеште айтылган сындан улам премьер-министр Сапар Исаков Чүйдүн Панфилов районунун акимин иштен аларын билдирди.

15-февралда парламент жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов бул райондун акиминин ишин сындап, кар эрип, үйлөрдү суу каптаган Каптал-Арык айылына басып барбай койгонун айтты:

- Ал жерге аким да, анын орунбасары да басып барбай койду. Эл телефон чалып, мен да телефон чалып жооп ала албадык. Андай акимдер керекпи?

Депутаттын бул сөзүнө жыйынга катышып жаткан премьер-минист Сапар Исаков жооп берип, акимди иштен алууга сөз берди.

Панфилов районунун акими Дамир Кулубаев депутат айткан сын туура эмес экенин, жергиликтүү элден эч кандай чакыруу болбогонун "Азаттыкка" билдирди.

Ал 15-февралга караган түнү Каптал-Арык айылындагы бир үйдүн тамаркасына суу киргенин угуп, күндүз тийиштүү адистерди жөнөткөнүн кошумчалады. Ошондой эле жергиликтүү тургундар арык, каналдарды тазалабай койгону үчүн ташкын болорун белгиледи. Дамир Кулубаев районду 2017-жылдын июнь айынан бери башкарат. (SE)

Өкмөт башчы Панфиловдун акимин иштен аларын айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG