Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 20:38

Жапон жараны Кыргызстандын президентине жардам сурап кайрылды


Мацуда Шинжи

Жапониялык Мацуда Шинжи аттуу жаран Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, жардам сурады. Бул тууралуу Шинжинин Кыргызстандагы расмий өкүлү Жамиля Казиева “Азаттыкка” билдирди.

Казиеванын айтымында, Мацуда Шинжи 2011-жылдан бери Жапониянын Кыргызстандагы JICA уюмунун ыктыярчысы болуп иштеп келген. 2014-жылы ал Жапонияга кайтып барып, ал жактан дагы бир жердеши менен “Кыял” деген аталыштагы кайрымдуулук фондун негиздеген. Фонддун максаты - Кыргызстандагы көзү азиздерге жардам көрсөтүү болгон.

Кийинчерээк фонд азиздерге реабилитация борборун ачуу максатында “Empower Blind People” деген коомдук бирикменин жетекчиси Элнура Эмилканова менен байланышып, Бишкектен батир сатып алуу үчүн 83 миң доллар берет. Мацуда Шинжи "Эмилканова үйдү өзүнө менчиктеп алган" деп билдирүүдө.

Жапон жараны 2017-жылдын март айында укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Бирок бул ишке байланыштуу сот иши былтыр июль айынан бери чечилбей келе жатат. Ушуга байланыштуу Шинжи Кыргызстандын президентинен бул ишти жеке көзөмөлүнө алуусун суранууда.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура жана Биринчи Май райондук прокуратурасы комментарий бере элек. "Азаттык" Элнура Эмилканова менен байланышканда окуя тууралуу азырынча түшүндүрмө бере албасын, кийин кенен маалымат берерин билдирди.

“Кыял” фондунун эсебинен буга чейин Кыргызстандагы 72 көзү азиз балага операция жасалган. Ал эми азиздер үчүн ачылчу реабилитациялык борбор азыр ар кайсы жерде батирди ижарага алып иштеп жатат. (ErN\KR)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG