ЕККУнун ЖМКдагы эркиндик боюнча расмий өкүлү Арлем Дезир журналист Элнура Алкановага козголгон кылмыш иши боюнча Кыргызстандын бийлигине кайрылды. Бул тууралуу пикирин ал өзүнүн "Твиттердеги" расмий аккаунтунда жарыялады:
"Мен кыргыз бийлигине жөнөткөн катымда фрилансер-журналист Элнура Алкановага байланыштуу маселе койдум. Журналисттик иликтөөлөр - бул сөз эркиндигинин өзөгү. Журналисттер кылмыш куугунтугуна алынбай, эркин иштеши керек", деп жазды Дезир.
14-февралда баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” кыргыз бийлигин журналист Алкановага козголгон кылмыш ишин токтотууга үндөгөн билдирүү тараткан. Уюм журналистке мындай айып “саясий жүйөсү бар жана журналисттик иликтөөдөн улам” коюлганын билдирген.
13-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат Элнура Алканованы "Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу" жана "Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу" боюнча күнөөлүү деп таап, айыбын угузган.
Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Бул экс- президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү экени, кийин улутташтырылганы айтылган. Бул боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер болгонун, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган.
Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү журналист жазган маалыматты "чындыкка төп келбейт" деп, жокко чыгарууга чакырган. Эгер сот журналистти айыптуу деп тапса, ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. (ErN)