Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Түштүк Африка Республикасына жаңы президент шайланды


Сирил Рамафоса
Сирил Рамафоса

Түштүк Африка Республикасынын парламенти Сирил Рамафосаны өлкө президенттигине шайлады. Анын талапкерлигин 15-февралда башкаруучу Африка Улуттук конгресси партиясы сунуштаган.

Бир нече саат мурда мурдагы президент Жейкоб Зума башкаруучу партиянын талабын аткарып, кызматынан кетип жатканын билдирген.

Партия өлкөнү тогуз жылдан бери башкарып келаткан Зуманы коррупцияга айыптаган.

Сирил Рамафоса буга чейин вице-президент болчу.

XS
SM
MD
LG