Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Орусия Сирияда ондогон жараны өлгөнүн четке какты


Мария Захарова
Мария Захарова

Орусия Тышкы иштер министрлиги Сирияда жүздөгөн орусиялыктар өлдү деген кабарларды «бурмаланган маалымат» деп эсептейт. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова бейшембидеги маалымат жыйынында билдирди.

"Ондогон, жүздөгөн Орусия жарандарынын өлгөнү тууралуу материалдар адаттагыдай эле бурмаланган маалымат. Алар 400, 200 же 100, 10 дагы эмес. Алдын ала маалыматка караганда, ошол куралдуу кагылышта сөз Орусиянын жараны деп болжолдонгон беш адамдын өлүмү тууралуу жүрүшү мүмкүн", - деди Захарова.

Бирок кеп орус аскер кызматкерлери жөнүндө эместигин, алардын жарандыгын, Сирияда жүргөн максатын тактоо зарылдыгын кошумчалады.

Буга чейин Батыштагы жана Орусиянын өзүндөгү бир катар маалымат каражаттары Дейр-эз-Зордо АКШ баштаган коалициялык күчтөрүнүн аба чабуулунда ондогон, же жүздөгөн орусиялыктар өлгөнүн жазып чыгышкан. Учурда ал жерде өлгөн сегиз орусиялыктын аты белгилүү. Сөз аскер кызматкерлери эмес, орусиялык “Вагнердин жеке аскер компаниясы” аттуу топто кызмат өтөгөндөр тууралуу. Алар Сирия президенти Башар Асаддын катарында согушуп жүрүшөт.

14-февралда америкалык генерал Жеффри Харригиан АКШ өз өнөктөшү "Сирия демократиялык күчтөрүнүн" аймагына бастырып кирген Асаддын тарапташтарына сокку урганын, натыйжада 100гө чамалуу адам өлгөнүн билдирген. Генерал алардын арасында орусиялыктар бар экени тууралуу маалыматы жоктугун кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG