Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон «Улут көсөмү - Эмомали Рахмон» аттуу мамлекеттик сыйлыкты негиздеди. Ал «демократиялык өнүгүүгө өзгөчө салым кошкон», "коомдогу тынчтык жана ынтымакты бекемдеген" жана "улуттар аралык достукту чыңдаган" тажик жарандарына жана чет өлкөлүктөргө берилет.
2-февралда кол коюлган жарлык эки жумадан кийин гана белгилүү болду.
Мындай чечим “Тынчтыктын жана биримдиктин негиздөөчүсү – Улуттун көсөмү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын негизинде кабыл алынган. Ал мыйзамда "улут көсөмүнүн" өз сыйлыгы, ордени, музейи, китепканасы жана архиви болушу керектиги жазылган.
Президенттин буйругуна ылайык, "Улут көсөмү - Эмомали Рахмон" аттуу жаңы мамлекеттик сыйлыктын ээлерине ардактуу белги жана акчалай сый акы тапшырылат. Айлана формасындагы ардактуу белгиге Эмомали Рахмондун элеси түшүрүлөт. Сүрөттүн айланасы алтын тилке менен кооздолот. Акчалай сыйлык болсо 125 миң сомони же кеминде 14 миң долларга барабар.
Тажик бийлиги укук бузуу жана эркиндигинин чектелиши боюнча эл аралык уюмдардын кескин сынына кабылып келет. Бул өлкө дүйнөдөгү демократиянын абалына байкоо салган "Фридом Хаус" уюмунун баяндамаларында "эркин эмес өлкөлөрдүн" катарынан чыга элек.