Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Казакстандын тышкы карызы 168,9 миллиард долларга жетти


Казакстандын Улуттук банкы өлкөнүн тышкы карызынын суммасын атады. Банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, республиканын бересеси акыркы 10 жылда 74,6 миллиард долларга көбөйүп, 168,9 миллиард долларды түздү.

Мунайгаз долбоорлору менен иштеген фирмалардын, өкмөттүн жана экономиканын каржылык эмес секторунун карызы көбөйгөн.

2017-жылы июнда Улуттук банктын башчысы Данияр Акишев тышкы карыз 167,9 миллиард АКШ долларына жеткенин билдирген.

Буга чейин улуттук экономика министри Тимур Сулейменов өкмөт жыйынында 2022-жылга чейин мамлекеттик карызды 26 пайыздан 23,7 пайызга чейин кыскартуу пландалып жатканын айткан.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG