Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:11

Депутаттык комиссия Бишкек ЖЭБин текшерип жатат


Бишкек жылуулук электр борбору.

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариялык абалды иликтеген депутаттык комиссия аталган мекемени кыдырып, текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу депутаттар менен кошо жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаев билдирди.

Депутат Улан Примов баштаган 12 эл өкүлү учурда ЖЭБдин химиялык блогун, андагы жабдуулардын жагдайын көрүп, өткөн айда болгон өндүрүштүк кырсыкка себеп болгон нерселер боюнча маалымат алышууда. Алар түштөн кийин Жогорку Кеңеште да жыйын өткөрүп, бул маселени кененирээк талкуулашары кабарланды. Депутаттар мындан тышкары насыяга алынган акчанын кайда сарпталганы боюнча суроолорго жооп издешет.

26-январда Бишкек ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган жабдуулары иштен чыкканына байланыштуу борбор калаадагы үйлөргө, социалдык мекемелерге бир жумадай жылуулук жетпей калган.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттан тышкаркы кырдаалды иликтөө боюнча вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектеген мекеме аралык комиссия 14-февралда баштапкы жыйынтыгын чыгарып, авариянын себептерин жарыялаган. Анда аварияга ЖЭБдин жана мекеме баш ийген “Электр станциялары” акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин “техникалык эрежелерди одоно бузганы себеп болгону” айтылган. Тагыраагы ЖЭБдин ыкчам кызматкери жетекчилик менен макулдашпай суу кампалардагы химиялык туздан арылтылган суунун өлчөмүн кескин түрдө азайтып жиберип, ал жабдуулардын иштен чыгышына алып келгени көрсөтүлгөн. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG