Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:18

ЖЭБ: депутаттык комиссиянын жыйынынан журналисттерди чыгарып салышты


Бишкек жылуулук электр борборунун оператордук бөлүмү.
Бишкек жылуулук электр борборунун оператордук бөлүмү.

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариялык абалды иликтеген депутаттык комиссия аталган мекемедеги көчмө жыйынынан иш-чарага барган журналисттерди чыгарып салды. Бул тууралуу ЖЭБге барган "Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаев билдирди.

Анын айтымында, депутаттар журналисттерге жыйын жабык эшик артында өтөрүн айтышкан.

Эл өкүлдөрү жылуулук борборун бүгүн эртең менен текшере баштаган. Депутат Улан Примов баштаган комиссия түштөн кийин Жогорку Кеңеште да жыйын өткөрүп, бул маселени кененирээк талкууламакчы болгон.

26-январда Бишкек ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган жабдуулары иштен чыкканына байланыштуу борбор калаадагы үйлөргө, социалдык мекемелерге бир жумадай жылуулук жетпей калган.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттан тышкаркы кырдаалды иликтөө боюнча вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектеген мекеме аралык комиссия 14-февралда баштапкы жыйынтыгын чыгарып, кырсыктын себептерин жарыялаган. Анда өндүрүштүк кырсыкка ЖЭБдин жана мекеме баш ийген “Электр станциялары” акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин “техникалык эрежелерди одоно бузганы себеп болгону” айтылган. Тагыраагы ЖЭБдин ыкчам кызматкери жетекчилик менен макулдашпай суу кампалардагы химиялык туздан арылтылган суунун өлчөмүн кескин түрдө азайтып жиберип, ал жабдуулардын иштен чыгышына алып келгени көрсөтүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG