Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Маңзатка каршы күрөшкөндөр маңзат менен кармалды


Кармалгандан табылган гашиш брикеттери.
Кармалгандан табылган гашиш брикеттери.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын Нарын жана Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.Ж. жана аталган кызматта мурда иштеп кеткен, милициянын отставкадагы полковниги Т.К. маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек шаарында өткөн операция учурунда 48 жаштагы Т.К. аттуу ардагерге таандык “Лексус” автоунаасынан кара куурай жыттанган кап табылган. Андан алынган сегиз брикет гашиш экени аныкталган. Кийин бул мыйзамсыз ташылган маңзатты жүгүртүүгө жогоруда аталган К.Ж. аттуу кызматкердин тиешеси бар экени такталган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга бирдей заттарды же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же берүү") менен кылмыш ишин козгоду. Кармалгандар эки айга камакка алынып УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Нарын жана Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.Ж. кылмышка шектелгенине байланыштуу иштен алынып, анын жетекчиси К.Н. да кызматынан бошотулду.

Бул уюшкан кылмыштуу топту кармоо операциясын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы менен ички иликтөө кызматы жүргүзгөн. Учурда иликтөө иштери уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG