Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:36

Мюнхенде коопсуздук конференциясы ачылууда


Мюнхен коопсуздук конференциясы быйыл 54-ирет өтөт.
Мюнхен коопсуздук конференциясы быйыл 54-ирет өтөт.

Бул абройлуу конференциянын бүгүнкү ачылышын утурлай анын төрагасы Вольфганг Ишингер Вашингтон менен Пхеньян ортосундагы тирешүүнүн күчөшү, НАТО-Орусия алакасындагы чыңалуу, өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча маанилүү келишимдердеги ыктымал чалкештик, улутчулдуктун өсүшү “эл аралык тартиптин өзөк принциптерин алысыратып жатканын” белгиледи.

“Өткөн жылы дүйнө олуттуу жаңжалдын кырына кыйла жакындады”, - деп жазат Ишчингер конференциянын ачылышын утурлай жарыяланган докладда.

Орусия менен Батыштын бузулган мамилеси кайрадан конференцияда талкуулана турган темалардын бири болору күтүлүп жатат.

Андан башка НАТО менен Евробиримдиктин коргонуу кызматташтыгы, өзөктүк курал коопсуздугу, технологиянын демократияга таасири өңдүү маселелер да каралганы жатат.

Конференциянын катышуучулары арасында Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, Еврокомиссиянын президенти Жан Клод-Юнкер, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым, Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф да бар. (UE)

XS
SM
MD
LG