“АКШ Түркиянын чек араны коргоо боюнча мыйзамдуу укугун тааныйт” деген АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун сапары НАТО боюнча өнөктөштөрдүн мамилесиндеги чыңалууну басаңдатуу максатын көздөдү.
Түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолуккан соң Тиллерсон Анкараны Сириянын күрттөр көзөмөлдөгөн Африн аймагындагы операциясында сабырдуулукка, кырдаалды курчута турган аракеттерден оолак болууга чакырды. Ал эми Чавушоглунун айтымында, Түркия менен АКШ алака-катышты нормалдаштыруу зарылдыгын макулдашты, көйгөйлүү маселелерди талкуулай турган “механизм” түзө турган болушту.
Түркия АКШ Сирияда күрттөрдүн Элдик коргонуу кошуунун (YPG) колдогонуна нааразы болуп жүрөт. Вашингтон Сириядагы күрт кошуунун “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө башкы өнөктөш катары караса, Анкара аны Түркиядагы күрт козголоңчуларына байланышы бар “террорчу” топ деп санайт.
АКШнын мамлекеттик катчысы Анкарада кечээ кечинде президент Режеп Тайып Эрдоган менен үч сааттан ашуун сүйлөшкөн. Соңунда эки тарап тең талкуу натыйжалуу, бирок жыйынтыксыз болгонун белгилешти. (UE)