Абактагы оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармоону улантууда. Адвокат Марс Кыдыкбаев билдиргендей, алар талаптары аткарылмайынча акцияны токтото турган ниети жок.
Бүгүн Кыргызстандагы "Саясий туткундарды коргоо комитети" абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын абалына көңүл бурууну суранып, президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылган.
Кайрылууда алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаевдин, соттордун, прокурорлордун ишмердигин текшериш үчүн мамлекеттик комиссия түзүүнү, аларга нааразы болгон элдин үнүн угуп, мыйзамсыз иштерге чара көрүүнү өтүнүшкөн.
Аталган үч саясатчы "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга кескен. Алар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып, УКМК башчысынын кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тарта "кургак ачкачылык" баштаган.
УКМК жетекчиси алардын талабы боюнча комментарий бере элек.
Бектур Асанов Бишкектеги №47 колонияда жатат. Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров 15-февралда №1 абакка которулган. Дарыгерлердин сунушу менен Кадыров 12-февралдан бери суу иче баштаган. (SE)