Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:23

Масалиев ЖЭБди жаңылоонун айрым жагдайларын ачыкка чыгарды


Исхак Масалиев.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоонун техника-экономикалык негиздемесинин долбоору макулдашуу ратификациялангандан жарым жылдан кийин бекитилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев ЖЭБдеги авариялык абалды иликтеген депутаттык комиссиянын парламенттеги жыйынында билдирди.

Башкача айтканда өкмөт 386 млн. доллар акчаны алгандан кийин гана аны иштетүүнүн долбоорун даярдаган.

- 2013-жылы ЖЭБди модернизациялоо боюнча макулдашуу ар кандай жолдор менен ратификацияланды. Бирок 2014-жылдын 1-июнунда гана долбоорлоо иштери башталган. Ал эми Мамлекеттик архитектура агенттиги 16-июнда гана техника-экономикалык негиздемени бекиткен. Анда Жогорку Кеңеш эмнени ратификация кылган? Буга эч ким жооп бере албайт. Билбейсиңер, - деди Масалиев.

Депутаттарга маселе боюнча жооп берип жаткан өкмөт өкүлдөрү, мамлекекеттик кызматтардын жетекчилеринин эч кимиси Масалиевдин бул суроосуна жооп берген жок.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттан тышкаркы кырдаалды иликтөө боюнча вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектеген мекеме аралык комиссия 14-февралда баштапкы жыйынтыгын чыгарып, кырсыктын себептерин жарыялаган. Анда өндүрүштүк кырсыкка ЖЭБдин жана мекеме баш ийген “Электр станциялары” акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин “техникалык эрежелерди одоно бузганы себеп болгону” айтылган. Тагыраагы ЖЭБдин ыкчам кызматкери жетекчилик менен макулдашпай суу кампаларындагы химиялык туздан арылтылган суунун өлчөмүн кескин түрдө азайтып жиберип, ал жабдуулардын иштен чыгышына алып келгени көрсөтүлгөн.

Маалым болгондой, 26-январда Бишкек ЖЭБинин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган жабдуулары иштен чыкканына байланыштуу борбор калаадагы үйлөргө, социалдык мекемелерге бир жумадай жылуулук жетпей калган. Ушул эле күнү Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кийин Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулу кызматынан бошотулган.

Бишкек жылуулук борборунун модернизацияланган башкы корпусу былтыр жайында пайдаланууга берилген. Ал Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион долларлык насыяга жаңыланып, кошумча эки энергоблок курулган эле. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG