Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Таласта милиция кызматкерлерине кыйноого байланыштуу иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунун Бакай-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине "адамды кыйноого алды" деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган РИИБнын кызматкерлери өткөн жылдын 25-декабрь айында М.А. аттуу адамды күч колдонуу менен бөлүмгө алып келишкен. Кармалган адамдан мал уурдоо фактысын моюнга алууну талап кылып, башына полиэтилен пакетин кийгизип, уруп-сабашкан.

Ушул жылдын январь айында жасалган соттук-медициналык экспертиза М.А. аттуу адамдын денесинде ур-тепкинин белгилери бар экенин көрсөткөн. Февраль айында жасалган соттук-психиатриялык экспертиза болсо ал травмалардан катуу стресс алганын аныктаган.

Бул жаранды кыйноого алган бир нече милиция кызматкерине карата Талас облусунун Бакай-Ата райондук прокуратурасы Кылмыш кодексинин 305-1-беренеси ("Кыйноо") боюнча кылмыш ишин козгогон. Ишти тергөө УКМКнын Талас облустук бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Уурдалды делген мал коңшулардын үйүнөн табылып, натыйжада ал иш боюнча кылмыш иши токтотулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG