Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Мигранттар Кыргызстанга которгон акча көбөйдү


Орусиядагы кыргыз мигранты. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы кыргыз мигранты. Иллюстрациялык сүрөт.

2017-жылы чет жакта жүргөн кыргызстандыктар мекенине 2 миллиард 482,2 миллион доллар которду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Кыргызстанга келген бул сумманын 90% Орусияда жүргөн мигранттар жөнөткөн. Башкача айтканда алар которгон акча 2 миллиард 435 млн доллар болгон.

Мигранттар Кыргызстанга которгон каражаттын суммасы 2015-жылы 1 млрд 168 миллион долларды, ал эми 2016-жылы 1 млрд 991 миллион долларды түзгөн.

Дүйнөлүк банктын баасы боюнча, мигранттар которгон акча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG