Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:08

ТИМ: Казакстанда кыргыз депутаты кармалганы тастыктала элек


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кармалды делген эки кыргызстандык жаран тууралуу маалыматты тактап берүүнү талап кылган нотаны Бишкектеги казак консулуна тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди.

Нота Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Ерлан Абишевге чукул берилди. Документтин мазмунунда жалпыга маалымдоо каражаттарында “Казакстанда Кыргызстандын эки жараны кармалганы, анын бири Жогорку Кеңештин депутаты экени" тууралуу маалыматты тактоо же төгүндөө тууралуу жазылган.

Буга чейин Tengrinews маалымат агенттиги Казакстандын Башкы прокуратурасына шилтеме жасап, “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалганын" жазган. Кабарда өлкөнүн чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда кармалгандар бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени белгиленет. Анын ичинде Кыргызстандын эки жараны бар болгону жана анын бири Кыргызстандын парламентинин депутаты экени да жазылган.

Жогорку Кеңеш да бул боюнча азырынча комментарий бере элек. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG