Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:27

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн өзбекстандык кармалды


Өзбекстандын паспорту. Иллюстрация
Өзбекстандын паспорту. Иллюстрация

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кадамжай-автожол” өткөрмө бекетинде Өзбекстандын жараны паспортундагы кирди-чыкты мөөрү жасалма коюлганы аныкталып кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Маалыматтарга караганда, 23 жаштагы өзбекстандык О.И. Кыргызстанга визасыз жүрүү мөөнөтүн (60 күн) өткөрүп жиберген. Натыйжада ал бир нече убакыт Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн. Мекенине кайра кайткан учурда ал паспортундагы мөөр басылган жерге Кыргызстанга кирген датасын өзгөртүп жаздырып алган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG