Абакта ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун ата-энелери жана жакындары саясатчылардын абалы менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” билдирди.
Аргынбаевдин айтымында, кармалгандардын жакындары саясатчылардан акцияны токтотууну суранышкан, бирок алар укпай койгон:
- Бектурдун апасы, аялы жана эжеси кирди. Биз бул жактан апасына "сиз ачкачылык акциясын токтотууга көндүрүңүз" дедик эле, айтыптыр. Бектур “Сегизбаев кызматтан кетмейинче акцияны токтотпойм, башыма салганын көрөм” дептир. Бектур Асанов арыктап, ээк эттери кирип кетиптир, эриндери болсо канталап калыптыр. Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбековдун да аялдары киришкен, алардын абалы деле оор экен. "Карыбеков өтө арыктап жыгачтай болуп, сөөгү эле калыптыр" дешти, ал эми Кадыров суу ичип жатканы үчүн абалы өтө оор эмес, бирок кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жаткан экен. Алар деле "Асанов токтотпосо, биз да уланта беребиз" деп жатышкан экен,-деди Сапар Аргынбаев.
16-февралда Кыргызстандагы Саясий туткундарды коргоо комитети абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын абалына көңүл бурууну суранып, президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылган. Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаевдин, соттордун, прокурорлордун ишмердигин текшерүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүү, аларга нааразы болгон элдин үнүн угуп, мыйзамсыз иштерге чара көрүү өтүнүчү келтирилген.
Аталган үч саясатчы "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга кескен. Алар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып, УКМК башчысынын кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тарта "кургак ачкачылык" баштаган.
УКМК жетекчиси алардын талабы боюнча комментарий бере элек.
Бектур Асанов Бишкектеги №47 колонияда жатат. Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров 15-февралда №1 абакка которулган. Дарыгерлердин сунушу менен Кадыров 12-февралдан бери суу иче баштаган. (ErN)