Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Киевде улутчулдар Орусиянын маданий борборуна кирип барышты


“Россотрудничество” өкүлчүлүгүнүн Киевдеги имараты
“Россотрудничество” өкүлчүлүгүнүн Киевдеги имараты

Киевде украин улутчул уюмдарынын бир нече активисти Орусиянын илим жана маданият борбору – “Россотрудничество” өкүлчүлүгүнүн имаратына кирип барышты. Алар мекемедеги орус желегин өрттөп, дубалдарына Орусияга каршы ураандарды жазып салышты. Өздөрүн “С14” уюмунун активисттери деп тааныштыргандар сүрөттөрүн "Фейсбуктагы" баракчаларына да жарыялашты.

"Украинская правда" басылмасы кабарлагандай, акцияга "Оңчул сектор" кыймылынын активисттери да катышты.

Активисттер Орусия Украинанын мыйзамы боюнча “агрессор-мамлекет” болуп саналгандыктан бул өлкөгө тиешелүү борбордун Киевде иштөөсүн мыйзамсыз деп белгилешүүдө.

Активисттер чыгып кеткенден кийин имаратка милиция кызматкерлери жана ЕККУнун Украинадагы миссиясынын өкүлдөрү келишти. Азырынча кармалгандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек. “Россотрудничество” мекемесинин өкүлдөрү чабуул койгондорду материалдык зыян келтирди жана коркутту деп айыпташууда.

Крымдын аннексияланганына жана Донбасстагы жаңжалдарга карабай Украинада Орусиянын элчилиги, консулдуктары жана “Россотрудничество” борборунун өкүлчүлүктөрү ишин токтото элек. Улутчулдар кол салган борбор Киевде концерттерди, көргөзмөлөрдү, орус тил курстарын уюштуруп, украин окуучуларын Орусияга экскурсияга алып барып турчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG