2017-жылы Кыргызстанда тамак-аш, азык-түлүк багытында кайра иштетүүчү 10 ири ишкана ачылганы тууралуу маалымат Экономика министрлигинин сайтында жарыяланды.
Алардын ичинен Балыкчы шаарындагы ”Оберон” логистикалык борбору, Ысык-Көлдүн Теплоключенка айылындагы “Ак-Суу органик” кооперативи, Бакай-Ата, Кадамжай, Араван жана Аксы райондорундагы айыл чарба продуктуларынын кампасы жана логистикалык борборлору жашылча-жемиштерди сактайт жана кайра иштетет. “Прод-Импекс” ишканасы да ушул багытта иштейт.
Ал эми “Жумгал-Кыргызэт”, “Адалазык” жана “Адал-Азык” ишканалары эт жана колбаса азыктарын даярдайт.
Экономика министрлигинен билдиришкендей, бул ишканаларга жалпысынан 735,9 миллион сом инвестиция салынган. (ErN)