Баткен облусундагы жол кырсыктын кесепетинен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусубали Исаев каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ооруканасынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсыгы 18-февралга караган түнү саат 00:20 чамасында Ош-Баткен-Исфана жолунун 290-чакырымында, Лейлек районунун Рават айылында болгон. Исфана шаарынын тургуну Э.Д.нын башкаруусундагы “Рендж Ровер” үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде токтоп турган “КамАЗды” сүзгөн. Жол коопсуздук башкармалыгынын Баткен облустук бөлүмү билдиргендей, "жол тандабастын" айдоочусу калың тумандан улам машинени башкара албай калган.
Жогорку Кеңештин (КСДП) мурдагы депутаты Жусубали Исаев ооруканага жетпей көз жумган. Кырсыктан жаракат алган дагы бир тургун Баткен облустук аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилди. (JsA\ErN)