Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Насыя берген кызматкерлерге кылмыш иши козголду


Иллюстрация
Иллюстрация

Каракол шаардык прокуратурасы калаадагы мамлекеттик “Ишкер” микрокредиттик агенттигинин жооптуу кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ысык-Көлдөгү “Ишкер” микрокредиттик агенттигине мамлекеттен жарандарга насыя берүү үчүн которулган 1 млн. 545 миң 620 сомду мекеменин кызматкерлери өздөрүнө маяна катары жаздырып алганы белгилүү болгон. Кызматкерлер бул сумманы 2008-2016-жылдар аралыгында колдонушкан. Ал эми ишкананын жобосуна ылайык, агенттиктин кызматкерлери насыяга берилген акчанын туумун гана алышы керек эле.

Ишти Ысык-Көл облустук прокуратурасы тергеп жатат.

“Ишкер” микрокредиттик агенттиги 1999-жылы калкты жумуш менен камсыз кылуу, орто жана чакан ишкерликти колдоо жана ишсиз жарандарга жардам берүү максатында ачылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG