Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Нетаньяху Иранды “дүйнөнүн чоң коркунучу” деп атады


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Мюнхендеги коопсуздук конференциясында Иранды “дүйнөнүн чоң коркунучу” деп сыпаттап, эл аралык коомчулук Тегерандагы режимди “тынчтыкка коркунуч” катары көрүшү керек деген оюн айтты.

18-февралда Мюнхендеги дүйнө лидерлеринин катышуусунда өтүп жаткан коопсуздук конференциясында Израилдин өкмөт башчысы Иранды сындап, 2015-жылдагы Тегеранга каршы коюлган эл аралык санкциялар Иранды ичинен да, сыртынан да өзгөртпөгөнүн жар салды.

Тегеран Израилди жок кылгысы келерин, Иран менен фашисттик Германиянын айырмасы аз экенин кошумчалады. Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Нетаньяхудан кийин конференцияда сөз алат.

Нетаньяху февраль айынын башында Израилде атып түшүрүлгөн Ирандын дронун эске салып, Зарифге: “Эстедиңби? Унутпашың керек. Ошол дрон силердики”, - деп кайрылды. (BCh)

XS
SM
MD
LG