Кытайдын түндүк-батышында орун алган, 22 региондон турган абдан кедей Шиңжаң провинциясында быйыл жакырчылык менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программа иштей баштайт. Борбор Азия менен чектеш бул аймактын калкынын басымдуу бөлүгүн уйгурлар түзөт.
“Синхуа” агенттигинин маалыматына ылайык, жакырчылыкты жоюуга багытталган үч жылдык план Кашкар, Хотан, Кызылсуу жана Аксуу аймактарындагы 400 миң адамдын турмуш шартын жакшыртуу максатын көздөйт.
Шиңжаңдагы бул программага өкмөт канча каражат сарптай турганы так айтылган эмес. Бирок 2017-жылы аталган аймакка 6,1 миллиард юань жумшалат деген маалымат тараган.
Пландын алкагында жакыр аймактардагы ар бир адамдын жылдык кирешесин 2300 юанга (362 доллар) жеткирүү каралган. 2017-жылы Кытай бийлиги 12,89 миллион элеттикти шаарларга көчүргөн. (BCh)