Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Ала-Арчада экинчи альпинисттин сөөгү табылды


Ала-Арча улуттук паркы
Ала-Арча улуттук паркы

Чүй облусундагы Ала-Арча улуттук паркында аскадан кулап кеткен экинчи альпинист Сайкаускас Салиюстун сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Кырсык 15-февралда болгон. Литванын жарандары Сайкаускас Салиюс менен Кейскас Крупский Алис саякаттап жүрүп, чуңкурга түшүп кеткен. Аларды издөө иштери 16-февралда башталган.

Башкы штабдан тартылган тик учактын жана министрликтин куткаруучуларынын жардамы менен кечээ Кейскас Крупский Алис жаракат алган абалда табылган. Адистер аны тик учак менен Бишкек шаарына алып келип, ооруканага жаткырышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG