Дагестандын Кизляр шаарында Масленица майрамын белгилеп жаткан маалда белгисиз адам ок чыгарып, кеминде төрт адам өлдү. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
"Белгисиз киши чогулуп турган адамдарга ок чыгарды. Алдын ала маалыматтар боюнча төрт адам мерт болду, дагы төрт адам жараат алды. Кылмышкер ошол жерде жок кылынды",-деди "РИА Новости" маалымат агенттигине Дагестандын күч кызматтарында иштеген атын атабаган булак.
Ал эми "Интерфакс" өз булагына таянып, каза болгондордун арасында аялдар да, Орусия гвардиясынын кызматкерлери да бар экенин маалымдады.
Айрым кабарларга караганда, кылмышка аял да аралашкан. Бирок эркек ок чыгарардын алдында аял качып кеткен. (ErN)