Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Порошенко Януковичтин сот процессине катышат


Украинанын президенти Петро Порошенко.
Украинанын президенти Петро Порошенко.

Украинанын президенти Петро Порошенко өлкөнүн мурдагы башчысы, мамлекеттик чыккынчылык үчүн айыпталып жаткан Виктор Януковичтин сотуна катышуу ниетин билдирди.

2014-жылы Киевдеги Майданда болгон окуялардын катышуучуларына арналган көргөзмөнүн ачылышында Порошенко өлкө тарыхында биринчи жолу сот жараянына катышуу чечимин кабыл алганын айтты. "Буга чейин президент эч качан андайга барган эмес", - деген Порошенко тергөө жана сот процесстеринин жай жүрүшүнө нааразы болгон элдин камтамасын түшүнө турганын кошумчалады.

Мамлекет башчы башкы прокурор Юрия Луценкодон ишти иликтеп жаткан мекемеге жардам берүү жагын карап көрүүнү сурады.

XS
SM
MD
LG