Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Иранда учак кырсыгында 66 киши каза тапты


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

18-февралда Тегерандан Ясуж шаарына багыт алган жүргүнчү учак Исфахан чөлкөмүндөгү тоолорго кулаган.

Жергиликтүү "Асеман" компаниясына таандык учак эки мотордук "АТР-72" болчу. Компаниянын маалымат катчысы Мохаммад Таги Табатабай учак 440 метр бийиктиктеги Дена тоосуна кулаганын, бортундагы бардык кишилер каза болгонун билдирген. Бирок көп өтпөй ал ИСНА маалымат агенттигине кырсык болгон жерге жете электигин, каза болгондордун так санын айта албасын кошумчалады.

Учакта 60 жүргүнчү жана алты кишиден турган экипаж бар болчу. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Ирандын "Кызыл Жарым ай" уюму аймакка 12 куткаруучу топ жөнөтүлгөнүн кабарлады. Мамлекеттик телеканал болсо начар аба ырайы куткаруучулардын тик учагын кондурууга тоскоол болуп жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG