Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:46

Дагестанда майрам учурунда ок аткан адамдын аты аталды


Кизлярдагы православдар чиркөөсү.

Дагестандын Кизляр шаарында Масленица майрамы белгиленип жатканда ок атып, беш кишини өлтүргөн адам 22 жаштагы Халил Халилов экени кабарланды.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал "Ислам мамлекети" террордук тобуна мүчө. Милиция атып өлтүргөн Халилов Дагестандын Кидер Цунтиск айылынан болот. РБК агенттиги өкмөттөгү булакка таянып билдирген бул кабарды Дагестандын Ички иштер министрлиги да бышыктады.

Жекшембиде православдардын майрамы белгиленип жатканда Кизлярдагы чиркөөгө чабуул коюлуп, беш адам жашоо менен кош айтышкан.

XS
SM
MD
LG