Доо арызды бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту карайт. Мавлян Аскарбековдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, өткөн жараяндарда былтыркы митингдеги сөздөрдү талдаган эксперттер суралган. Алар "бийликти күч менен басып алууга чакырык болгон эмес" деп айтышкан.
Бирок Аскарбеков "сот менен прокурор кандай болсо да мени күнөөлүү деп табуу аракетин көрүүдө жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү эске алынбай жатат" деп соттон баш тартуу, ишеним көрсөтпөө тууралуу доо арыз берген.
“Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси, “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” боюнча кылмыш иши козголгон. Ал былтыр 16-январдагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталууда. Жыйында айтылган сөздөрдү Улуттук университеттин, БГУнун, Илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин кызматкерлери талдап чыгышкан. (NT)