Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкты иликтөө боюнча мекеме аралык комиссия "Улуттук энергохолдингдин" директору Айбек Калиевге, анын орун басары Нурлан Садыковго, Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы боюнча комитеттин башчысы Улан Рыскуловго, анын орун басары Азамат Оморовго "катуу сөгүш жарыялаш керек" деген чечим кабыл алды. Мындай сунуш Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жөнөтүлдү.
Комиссия “Электр станциялары” ишканасынын директору Узак Кыдырбаевге сөгүш жарыялап, ишкананын техникалык директору Алмазбек Жусупбековду кызматтан бошотууну сунуш кылды.
Буга кошумча катары комиссиянын жыйынтыгына ылайык Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженери Нургазы Курманбеков, директордун орун басары Алтынбек Айтикеев баш болгон бир нече кызматкерди кызматтан кетирилет.
Өкмөт түзгөн мекеме аралык комиссиянын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка энергетика тармагындагы жетекчилердин күз-кыш мезгилине жакшы даярдык көрбөгөнү, шалаакы мамиле кылганы себеп болгонун билдирди.
Буга чейин комиссия өз иликтөөсүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялаган эле. Анда борбордун ишин алып барууда кызмат адамдары милдеттерин так аткара албай, эрежелердин сакталбай калганы жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратканы көрсөтүлгөн.
26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, борбор шаар беш күн бою жылуулуксуз калган.
Бул авариянын себептерин аныктоо боюнча өкмөт мекеме аралык, ал эми Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзгөн.
Депутаттык комиссия авариянын себептери менен кошо ЖЭБди жаңылоого жумшалган 386 млн. доллардын чоо-жайын да иликтеп жатат.(BkA)