Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Чычкан суусуна дагы бир май ташыган автоунаа кулады


Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

Бишкек-Ош жолунун боюндагы Чычкан суусуна “Рено” үлгүсүндөгү май ташыган автоунаа кулап, толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсыкка автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калганы себеп болгон. Эки киши жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди. Унаада 35 тонна бензин болгон.

Май ташып бараткан автоунаа Чычкан дайрасына кулаган учурлар буга чейин да катталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG