Казакстандын Башкы прокуратурасы 17-февралда аткезчиликке каршы өткөрүлгөн атайын операция тууралуу расмий билдирүү таратты.
“Учурда 35 шектүү кармалды. Алардын үчөө Кыргызстандын жарандары. Кармалгандар бажы, чек ара органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар жана уюшкан кылмыш тобунун өкүлдөрү. Алардын отуз үчү соттун чечими менен камакка алынды. Контрабандалык товар Кытайдын түз кирген. Ошондой эле көмүскө бажы схемалары жана жасалма документтердин негизинде Кыргызстан аркылуу кирип турган”, деди Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Оксана Лоскутова.
Атайын операция Казакстандын Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан менен чектешкен 9 бажы өткөрмө бекеттеринде жүргүзүлгөн.
Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө кармалгандардын аты-жөнү, кызмат орду так айтылган эмес. Мурдараак Казакстандын Тышкы иштер министрлиги алардын арасында кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулу бар экенин ырастаган.