Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Арбитраждык сот орусиялык спортчу кызытма боюнча шектүү экенин ырастады


Александр Крушельницкий.
Александр Крушельницкий.

Спорт боюнча эл аралык арбитраждык сот орусиялык керлингчи Александр Крушельницкий кызытма боюнча шек саналып жатканын ырастады.

19-февралда таратылган билдирүүдө айтылгандай, Эл аралык Олимпиада комитети "спортчунун канынан мельдоний табылды" деп кайрылган. Бирок иш качан каралары азырынча белгисиз.

Крушельницкий кызытмадан кармалганы тууралуу кабарлар 18-февралда тараган. Орусиялык делегациянын өкүлү Константин Выборнов Крушельницкий аккредитациясын тапшырып, Олимпиада айылынан кеткенин маалымдады.

Крушельницкий 13-февралда жубайы Анастасия Брызгалова менен кошо керлингден коло медалга ээ болгон.

Буга чейин кызытма чырынан улам Орусиянын курама командасы Пхёнчхаң оюндарынан четтетилген. Бейтарап желек алдында 169 спортчуга гана катышууга уруксат берилген.

Бул Түштүк Кореядагы Олимп оюндарында кызытма эрежеси бузулганы кабарланган экинчи учур. 12-февралда жапониялык шорт-трек спортчусу да допинг-тесттен өтпөй калган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG