Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:06

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын башчысы иштен бошотулду


Дүйшөнбек Чоткараев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары, Коррупцияга каршы күрөш кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткараев кызматтан бошотулду. Мындай буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгонун өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, кызматтан кетүү боюнча Чоткараев өзү арыз жазган.

Дүйшөнбек Чоткараев бул кызматка 2016-жылы дайындалган.

Өткөн апталарда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы кызматтын ишмердигин сынга алган эле.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG