Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Испан прокуратурасы орус депутатын 5,5 жылга камоону өтүндү


Владислав Резник
Владислав Резник

Испания прокуратурасы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Владислав Резникти 5,5 жылга эркиндигинен ажыратууну сурады.

Резник жана анын аялы Дианла Гиндин Испанияда арам акчаларды адалдоого байланыштуу соттолууда. Мадриддеги сотко депутат өзү да келгенин РИА жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Айыпталуучулардын экөө тең күнөөсүз экенин билдиришти.

Испаниядагы орус мафиясынын иши делген иликтөө 2008-жылы башталган. Иш боюнча жалпысынан 18 орусиялыкка күнөө тагылууда. Тергөө алар уюшма кылмыш тобуна мүчө болушкан жана 1996-жылдан бери Орусияда кылмыштуу жол менен табылган акчаларды Испанияга чыгарып турушкан деп билдирет.

Топтун лидери Геннадий Петров менен Александр Малышев издөөдө. Петров менен телефондон сүйлөшкөнү - депутат Резниктин күнөөсүнүн далили катары каралууда. Бирок анын адвокаты үн башка кишиники экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG