Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

ЖЭБдеги кырсыктын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия жыйынга чогулат


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда катталган кырсыктын себебин иликтеш үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отурумунда ишкананы модернизациялоо үчүн жумшалган 386 млн. доллардын чоо-жайы талкууга алынат.

26-январда бул ишканада суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта баш калаанын тургундары беш күн бою жылуулуксуз калган.

Кырдаалдын себептерин аныкташ үчүн өкмөт мекеме аралык, Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзгөн.

Депутаттык комиссия ЖЭБди жаңылоого жумшалган 386 миллион доллардын натыйжалуу сарпталышын да иликтөөгө киришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG